Воскресенье, 19 мая

Профессор: “Вакцина пайда болсо да, вирусту түбү менен жок кылууга күчү жетпейт”

0

“Коронавирус жакынкы он жыл аралыкта жоголуп кетпейт. Дүйнө эли бул шартта ыңгайлашып жашоону үйрөнүшү керек. Эгерде качандыр бир убакта вакцина пайда болсо да, вирусту түбү менен жок кылууга күчү жетпейт” —  деп айтышат британиялык эксперттер.

Wellcome Trust  фондунун жетекчиси профессор Джереми Фаррар Британия парламентинин саламаттыкты сактоо коммитетине берген отчетунда Рождествого чейин жашоо өз нугуна түшүшү мүмкүн эмес деп айтылат.

“Эгерде азыр биз өзүбүздү баары өтүп кетти деп ишендирсек экинчи толкун менен кайрадан бетме-бет келип, мурдагы акыбалыбызга түшүшүбүзгө шек жок” – дейт Джереми Фаррар.

Оксфорд университетинин профессору Джон Белл, вирус боюнча акыркы келген сүйүнүчтүү маалыматтарга карабастан бул илтетти түп-тамыры менен жок кылып жиберүү кыйын экендигин айтууда.

Профессор мындай деп эсептейт: “Ачуу чындык ушул, бул вирус эч жака кетпейт жана түбөлүккө биз менен калат. Вакцина толук кандуу натыйжа бербеши мүмкүн. Алдыбызда туруктуу цикл пайда болууда: вакцинация, артынан кайра инфекция, кайрадан вакцинация, анан кайра эле инфекция”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз