Суббота, 4 мая

Кыргызстандын эң акылдуу бүтүрүүчүсүн катардагы эле мектеп даярдады (Фото)

0

Быйыл Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Сынакка катышкандардын арасынан эң көп упайды Ош облусунун Алай районуна караштуу №25чи Эшкул Мырзаев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Акмарал Нурбек кызы алды. 229 упай менен Кыргызстанда биринчиликти багындырган Акмарал Нурбек кызы, «алтын сертификаттын» да ээси болду.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Акмарал Нурбек кызына жана ал сыяктуу «алтын сертификатка» татыктуу упай топтой алган бүтүрүүчүлөргө белектерди берди.

№25чи Эшкул Мырзаев атындагы мектептин директору Зина Абдыкадырова, өзүнүн окуучусу ушундай ийгиликке жетишкендиги үчүн сыймыктанып жатканын айтты. Зина Абдыкадырованын айтымында Акмарал Нурбек кызы мындай ийгиликке жетиш үчүн талыкпай эмгектенди.

Эң кызыгы, Акмарал Нурбек кызы айылдагы катардагы эле мектепте окуп, чоң шаарлардагы акы алып окуткан менчик мектептердин бүтүрүүчүлөрүн озуп кетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз