Пятница, 17 мая

Айя-Софьяда намаз окуу эмне үчүн маанилүү?

0

Музей статусунан кайрадан мечитке айланган Стамбулдагы Айя-Софьяда 24-июлда узак аралыктан кийин биринчи жолу намаз окулат. Даярдык иш-чаралары акырына чыгып калды. Бул даярдоо жумуштарында негизги маселе Айя-Софьядагы христиан ишенимдерине тиешелүү болгон сүрөт жана оймолорго доо кетирбестен иш алып баруу болду. Түрк реставраторлору мунун ыңгайлуу жана коопсуз жолун табышты. Намаз учурунда икондор алыстан башкарылган пульт аркылуу парда  менен жабылып, намаз бүтөрү менен кайрадан ачылып турмакчы. Намаздан кийин ар кайсыл динди тутунган зыяратчыларга  Айя-Софьяны көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Мечитке айландырууда Айя-Софьяга эч кандай залака келбей тургандыгы жөнүндө документалдык тасма да тартылууда. Бул тасма дүйнө коомчулугуна көрсөтүлөт жана ЮНЕСКОго берилет.

Айя-Софьянын мечитке айлануусуна АКШ, Греция, Орусия сыктуу көптөгөн мамлекеттер каршы чыгууда. Греция болсо, бул чечимди «ачык провакация» деп атап, Турцияга каршы санкциялар киргизилет деп опузалаган. Орус проваслав чиркөөсү болсо, миллиондогон христиандардын сезими эсепке алынбады деп нааразычылыгын билдирген.

Туркиянын Тышкы иштер министрлиги болсо, эгемендүү мамлекет катары Түркиянын Айя-Софьянын статусун өзгөртүүгө укуктуу экендигин, музей болгонго чейин Айя-Софьянын мечит катары колдонулгандыгын, намаз убактыларынан сырткаркы учурда Айя-Софьянын эшигинин бардык зыяратчыларга ачык болоорун айтууда.

Осмон падышасы Фатих Султан Мехметтин жетекчилигинде 29-май 1453-жылы Стамбул шаары мусулмандар тарабынан каратып алынгандан кийин Айя-Софья храмы мечитке айландырылып, анын айланасына мунаралар курулган. Бирок 24-ноябрь 1934-жылы, тагыраагы 481 жылдан кийин ошол учурдагы Түркиянын жетекчиси Мустафа Кемаль Ататүрктүн чечими менен Айя-Софья музей деп таанылган. Эми, 86 жылдан кийин Түркиянын азыркы президенти Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен Айя-Софья кайрадан мечит статусун алып, намаз окула турган жайга айланууда.

Айя-Софьянын мечит катары колдонулуусун дүйнө мусулмандары сүйүнүч менен кабыл алууда. Ислам тарыхында Палестинадагы Аль-Акса мечитиндей чоң символикалык мааниге ээ бул мечиттин ачылышына катышуу жана бул мечитте намаз окуу үчүн миңдеген мусулмандар даярданууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз