Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды. Кечээ, 22-июлда бул тууралуу ал өзү «Чагылгандай #REакция. Эртең саат 09:00гө УКМКга чакыруу келди» деп социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Андан бир күн алдын мурдагы элчи «5-август 2020-жыл. «Сооронбай Жээнбековго – импичмент!». Кайдыгер эмес жарандардын нааразычылык митинги» деген билдирүү жарыялаган болчу. Митинг тууралуу маалыматта: «Нааразычылык митингдин датасы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Демилгечи топ тарабынан такталат. Нааразычылык митингдин негизги талаптары кайдыгер эмес жарандардын сунушун эске алуу менен Демилгечи топ тарабынан макулдашылат. Аталган топ Кыргыз Республикасынын активдүү жарандарынан, саясатчылардан, саясый партиялардан турат», — деп жазылган.
Буга чейин 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.