Понедельник, 25 ноября

Москвада кыргыз кыздарын тарбиялайбыз дегендер кармалды

0

Москвада чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү чыр-чатактын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн Орусиянын Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгына маалымдаган. Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда айтылган балдардын аты-жөнү аныкталды.

Алар Чүй облусунун 28 жаштагы Б.Б., жана 24 жаштагы А.А., аттуу тургундары болуп чыкты. Алар ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралары эскертилди.

22-июль күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигининде кыргыз диаспорасынын жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, мекендештердин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу улуттар аралык чыр-чатакты козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү аракеттерин болтурбоосу талкууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз