Воскресенье, 19 мая

Саламаттыкты сактоо министри кызматтан кетүү арызын жазганы айтылууда

0

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кетүү арызын жазганы айтылууда. Социалдык тармактарда министр ден соолугуна байланыштуу кызматтан кете турганы жазылып жатат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат жоктугун билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине чалдыккан.

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп быйыл апрель айында дайындалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз