Понедельник, 20 мая

Орусиянын «Чоң сегизге»(G8) кошулуусуна эмне тоскоолдук кылууда?

0

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас дагы бир жолу АКШнын Орусияны G8 же «Чоң сегиздик» топко кошуу сунушун кийинкиге калтырды.

Маастын айтуусу боюнча Украинадагы кырдаал чечилмейинче  Орусиянын кайрадан бул топко кошулуусуна мүмкүнчүлүк жок.

Маас: «Орусия Федерациясы Украинадагы чырды чечүүдө көзгө көрүнөөрлүк аракет көрсөтпөй жатат» – деп сындады. Орусия «Чоң сегиздик» топтон 2014-жылы Крымдын Украинанын карамагынан чыгып Орусиянын карамагына кошулгандан тартып бул топтон чыгарылган болчу. Ошол кундөн бери өлкөлөр биримдиги «Чоң жети» (G7) алкагында иш алып барууда. «Чоң жети» (G7) уюмуна Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз