Суббота, 21 сентября

Айя-Софья — диний ынтымактын символу

0

Түркиянын дин башкармалыгынын жетекчиси профессор Али Эрбаш, бир канча жылдардан кийин кайрадан окулган Айя-Софьядагы биринчи жума намазында миңдеген мусулмандарга: «Айя-Софья мечити — диний ынтымактын символу» — экендигин айтып өттү.

«Бүгүн бул жерде баарыбыз тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Мечит кайрадан мусулмандарга өз эшигин ачып олтурат. Биз бул үчүн аябай кубанычтабыз» — деди Түркия дин башкармалыгынын жетекчиси.

1453-жылдагы Истамбулду жеңип алуу тарыхта жаңы беттин ачылуусуна негиз түзгөн. Биздин маданиятыбызда жеңип алуу талкалоо маанисин түшүндүрбөйт. Бул жаңы нерсенин түзүлүшүн билдирет. Дин башкармалыгынын жетекчиси Али Эрбаш өз сөзүндө: «Биз Анатолия жана Истамбулду  дүйнө дини, адилеттүүлүктүн дини болгон – Ислам динине өз эшигин ачкандарга терең урматтоо жана сыйлоо менен башыбызды ийебиз» — деп ыраазылык билдирди.

Али Эрбаш, Султан Мехмет II тарабынан бүтүндөй ислам ааламына мурас калтырылып кеткен Айя-Софьяны мусулман мууну кылымдан-кылымга коргоп келгендигин, Султан Мехмет II Истамбулдун бүтүндөй жашоочуларын карманган динине, улутуна карабастан, өмүрүн жана мал-мүлкүн өз коргоосуна алгандыгын баса белгиледи. Сөзүнүн аягында дин башкармалыгынын жетекчиси дүйнөнүн кээ бир жерлериндеги мусулмандардын кездешкен тоскоолдуктарынын жоюлушуна, ошол эле учурда Иерусалимдеги Ислам баалуулугу болгон Аль-Акса мечитинин да алдындагы тоскоолдуктарынын жоюлушуна чоң ишеними бар экендигин айтты. Мындан сырткары дүйнөнүн ар-бир булуң-бурчунда болуп жаткан исламофобиялык көрүнүштү сындады. Ар бир адам карманган динине, улутуна, рассасына жана жашаган жерине карабастан коркуусуз, көз-карандысыз жана татыктуу жашоого укуктуу экендигине ишенээрин айтып өттү.

Жума намаз учурунда Али Эрбаш Султан Мехмет IIнин кылычын колуна кармап турду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз