Воскресенье, 24 ноября

ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери коронавирустан курман болгондорду эскеришти

0

Бишкек ШИИББдин кызматкерлери коронавирустан курман болгондорду эскеришти . Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

«Дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүн каптаган “COVID-19” аталышындагы коронавирус илдети Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон жок. Анын кесепетинен жалпы республика боюнча 1347 жараныбыздан айрылып, эчендеген замандаштарыбыз оор абалда ооруканада жатып дарыланууда. Бул илдет жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген зыяндуулугу менен гана чектелбестен, жалпы өлкөбүздүн социалдык экономикалык абалына да терс таасирин тийгизди. Бирок ошого карабастан өкмөттүн тынымсыз күч-аракети менен, кайдыгер карабаган жарандарыбыздын ыктыярчылыгы менен, ошондой эле укук коргоо жана медицина кызматкерлерибиздин күч-аракети менен бул илдетти жеңүүдө болгон күч-аракетибизди жумшоодобуз. Бүгүн коронавирус илдеттинен каза болгон жарандарыбызды эскерип жатып, алардын жакын туугандарына жана санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деди Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Алмаз Исаков.

Өлкө президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин жарлыгына ылайык бүгүн 30-июнь улуттук аза күтүү күнү деп белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз