Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 662 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 6 адам;
— Ош шаарында 23 адам;
— Чүй облусунда 9 адам;
— Ош облусунда 25 адам;
— Ысык-Көл облусунда 2 адам;
— Жалал-Абад облусунда 49 адам;
— Баткен облусунда 28 адам;
— Талас облусунда 4 адам.
Пневмония менен катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 215 адам;
— Ош шаарында 29 адам;
— Чүй облусунда 33 адам;
— Ош облусунда 56 адам;
— Нарын облусунда13 адам;
— Ысык-Көл облусунда 80 адам;
— Жалал-Абад облусунда 53 адам;
— Баткен облусунда 19 адам;
— Талас облусунда 18 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 35 миң 805 бейтап катталды.