Өткөн суткада 653 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, илдеттен 101 жаштагы карыя да айыкты.
Бишкек шаары – 167;
Ош шаары – 29;
Чүй облусу – 201;
Ош облусу – 77;
Талас облусу – 42;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 69;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу – 21.
Жалпы 27 миң 927 адам оорудан айыгып чыкты.