Суббота, 23 ноября

Кыргызстан чет өлкөлөргө туруктуу аба каттамдарын качан баштай алат?

0

Кыргызстанда туруктуу эл аралык авиакаттамдар август айынын аягына чейин башталышы күмөн. Өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай экенин 3-августта Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Коронавируска каршы республикалык штабга 1-августтан баштап Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Орусия жана Түркия менен туруктуу каттамдарга өтүү тууралуу сунуш берилген.

«Орусия макул болгон жок, бирок чартердик каттамдарды көбөйтмөй болдук. Түркия менен да чартердик каттамдар көбөйтүлөт. Алар тараптан «Turkish Airlines» жана «Pegasus», биз тараптан «Avia Traffic» компаниялары ишке ашырат. Каттамдар мурдагыдан эки эсе көбүрөөк болот. Араб Эмираттарына жумасына эки чартердик каттам болот – «Air Arabia» жана «Fly Dubai». Казакстандын да эпидемиологиялык кырдаалы татаал болуп жаткандыктан чартердик каттамдарды керектүү убакта уюштуруп турмай болдук. Августтун аягына чейин ушундай тартип болот го деп ойлойм».

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу убактылуу токтоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз