Суббота, 23 ноября

Коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү

0

Бишкекте коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Эми шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет. Бирок мурункудай эле дем алыш күндөрү каттамга чыгышпайт.

Аянты 100 чарчы метрден көп болгон супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайлар эртең мененки саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт.

Борбор калаадагы базарлар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
Ошол эле учурда батут, велосипеддерди киреге берүү ж.б., тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат бериле элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз