Суббота, 23 ноября

Курман айт күнү Кыргызстандыктарга эт таратылды

0

‌»Ак демилге» коомдук фонду, «Инсандык жардам» (IHHNL) кайрымдуулук фонду, чет элдик кайрымдуу фонддор жана жеке ишкерлер менен биргеликте Курбан айт күнү 300 кой жана 6 бука курбандыкка чалып, этин Бишкек шаарында жана облустарда таратты. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү билдирди.

‌Ар бир баштыкка курбандык этинен 4 килограмм салынды. Жараткан курбан айттын урматына кыргызстандыктарды жана кыргыз элин ар кандай балээлерден жана оорулардан сактасын.
«Ак демилге» фонду 2018-жылы 18-январда кыргыз азаматтары тарабынан түзүлүп, жаштарды интеллектуалдык жактан өнүктүрүү, тренинг семинар жана калктын аярлуу катмарына кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет.

2019-жылы «Орозо айт» майрамына арналган «Айтыңыз маарек» аттуу кече уюштурулуп, концерттик программа жана кароо сынактын жеңүүчүлөрүнө үй-тиричилик техникаларын, баалуу белектерди жана Мекке- Медина шаарларына «Умра» жолдомосу ойнотулган.

«Ак демилге» фонду шахмат турнирлерге демөөрчүлүк кылып келет. Ошондой эле рамазан айында жалпы суммасы 48 000 сомго 500 кишиге ооз ачууга тамак аш таратылды. 40 үй-бүлөгө 56 000 сомдук эт берилди. «Рамазан баштыкчасы» акциясында 423 200 сом азык түлүк менен 302 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Асыранды жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына кийим кечелер таратылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын азык-түлүк баштыкчалары берилип келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз