Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эртең, 6-августта жумушка чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Буга чейин маалым болгондой, Н.Үсөнбаевден коронавирус инфекциясы аныкталган.
«Ал Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланды. Айыккандан кийин үйүнө чыгарылган. Эртеңден тарта жумушка чыгат», — деди Акматова.