Бишкекте бейтаптардын саны азайып, абал бир аз турукташып калгандыгына байланыштуу жети стационар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Алар:
«Сейтек» мектебиндеги стационар;
№95 мектептеги стационар;
№83 мектептеги стационар;
№81 мектептеги стационар;
№94 мектептеги стационар;
«Арал» кафесиндеги стационар;
Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар.
«Бардык медициналык жабдыктар, орундуктар сакталып, дезинфекциядан өткөрүлдү. Азырынча калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат, шаар бийлиги кайрылгандардын динамикасына мониторинг жүргүзүп турмакчы», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ күндүзгү стационарларга 964 адам кайрылса, 4нөн 5-августка караган түнү түнкү стационарларга бардыгы болуп 173 адам жардам сурап кайрылган.