Пятница, 22 ноября

“Лукойл” Өзбекстанда газ өндүрүүнү көбөйттү

0

Орусиянын “Лукойл” мунай компаниясы Өзбекстанда жаратылыш газ өндүрүшүн 2018-жылы андан бир жыл мурункуга караганда 66, 7 пайызга көбөйтүп, 13, 42 миллиард метр кубга жеткирген. “Лукойлдан” берилген маалыматта Өзбекстанда жаратылыш газ изилдөө жана өндүрүү иштерин аткарган фирманын 2017 — жылы өлкөдө 8,05 миллиард метр куб жаратылыш газ өндүргөндүгү билдирилди. Жаратылыш газ өндүрүшүндөгү өсүүнүн фирманын өлкөдөгү жаңы газ тазалоо комплекстерин ишке киргизиши менен байланыштуу экендиги белгиленген маалыматта. “Лукойлдун” Өзбекстанда газ өндүрүшүн өткөн жылы андан мурунку бир жылга караганда 66, 7 пайызга өстүрүп 13, 42 миллиард метр кубга жеткиргендиги билдирилди. Компаниянын жетекчилери тарабынан андан мурда берилген маалыматта да 2020 — жылы “Лукойлдун” Өзбекстанда жаратылыш газ өндүрүшүн 16 миллиард метр кубга чыгарууну пландаштыргандыгын белгилеген. Өткөн жылы “Лукойлдун” Өзбекстандагы эң чоң инвестиция болгон жылдык 8 миллиард метр куб көлөмдүү Кандым Газ Комплекси ишке кирген. “Лукойл” Өзбекстан өкмөтү менен 2046 — жылга чейин түзүлгөн продукция бөлүшүү келишиминин негизинде өлкөнүн Кандым, Хысар жана Хаузак кендеринен жаратылыш газын өндүрүүдө. Дүйнөдө жаратылыш газ өндүрүүдө биринчи 10 өлкөнүн арасында орун алган Өзбекстандын 1, 1 триллион метр куб жаратылыш газ кору бар. Өзбек өкмөтү 2021 – жылга чейин мунай жана жаратылыш газ секторунда ишке ашырыла турган 78 долбоор үчүн жалпы 30, 4 миллиард долларлык инвестиция салууну максат кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз