Воскресенье, 19 мая

Орусияга барам дегендер шашылбасын, себеби..

0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги атайын билдирүү таратты. Билдирүүгө ылайык, чет элдиктердин Орусиянын аймагында киришине дагы деле болсо чектөөлөр бар. Олуттуу себеби бар жарандардын гана Орусияга киришине уруксат берилээри билдирилди.

Маалыматка ылйайык, азыркы учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамы калыбына келе элек жана Орусия менен Казакстандын чек арасы да жабык бойдон калууда. Элчилик, зарыл иши болбогон Орусиядагы жарандарыбызды да Кыргызстанга барбай турууга чакырды.

Жакында Кыргыз бийлиги Орусияга аба каттамдарын кайрадан жандандыруу сунушу менен кайрылган. Бирок орус тарап COVID-19 пандемиясын себеп катары көрсөтүп бул сунуштан баш тарткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз