Суббота, 18 мая

Тегеран Израилге эскертүү берди

0

Иран Израилге иран мунайын экспорттоого аралашпоону эсине салды. Тегеран Израилдин аскер-деңиз күчтөрүнүн иран мунай танкерлеринин экспортуна тоскоолдугу үчүн аёосуз жооп кайтара тургандыгын IRNA маалымат агенттигине Ирандын коргоо министри Амир Хатеми билдирди. Ал мындай пикирин Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун израилдик аскер-деңиз күчтөрү Ирандын мунай аткезчилиги боюнча чара көрө тургандыгы тууралуу билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты. «Тегеранда Израилдин баардык тоскоолдуктарына татыктуу жооп бере турган күч жетиштүү. Дүйнөлүк коомчулук да мындай аракеттерге каршы чыгат», — деди Хатеми. Анын айтуусунда, Иран Израилдин иран мунайын экспорттоого тоскоолдугун каракчылык катары эсептейт. «Иран мындай аракеттерге аёсуз жооп кайтарат», — деди Хатеми.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз