Четверг, 19 сентября

Түркия менен Азербайжан асердик машыгууларды улантууда

0

Түрк жана Азербайжан куралдуу күчтөрү биргеликте аскердик машыгууну улантууда. Согуштук октор колдонулган бул машыгуу, алгач Баку жана Нахживан аймактарында өттүп, андан соң Генже, Күрдемир жана Йевлахтын айланасында улантылууда.

Танктар, учактар, артилерия жана абадан коргонуу системалары колдонулган машыгууга атайын даярдыктагы аскерлер катышып, оор тактикалык тапшырмаларды аткарышууда.

Аталган аскердик машыгуу, 12-июлда Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы Товуз аймагында болуп өткөн жана ондогон аскерлер курман болгондон кагылышуудан кийин башталган. Түрк бийлиги боордош Азербайжан элин ар түрдүү агрессиядан коргой турганын, керек болсо аскердик колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз