Четверг, 19 сентября

4,2 миллиондон ашык кыргызстандыкка коронавирус жугушу мүмкүн

0

Премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргызстанда канча адамга коронавирус дарты жукканын аныктоо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин илимий тобу изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Бороновдун айтымында, калктын канча пайызы бул дартка чалдыкканын жана канчасынын айыкканын адистер атайын ыкма менен жер-жерлерде эсептеп чыга башташты.

Боронов мындан тышкары COVID-19 илдети өлкөдө канча кишиге жугушу мүмкүн экенин жарыялады. Боронов, «Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолу боюнча, бизде тогуз жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгышы мүмкүн деп 4,2 млн. адамды киргизишти», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз