Чүй областынын Ново-Николаевка айылындагы «Сапат» лицейинин окуучуларынын мушташы сотко чейин жетти. Аталгын лицейдин окуучусу классташтарынан токмок жегенин айтып апасы даттанган. Ал эми апасы болсо, баласын урган окуучуну жатаканада уктап жаткан жеринен башка койгулап, төшөктөн сууруп чыккан. Лицейдеги тартипке нааразы болгон эне мектептин жетекчилигине да нааразычылыгын билдирген. Токмок жеген бала ооруканада даарыланган.
Натыйжада бул иш сотко чейин жетип, баласы үчүн мектепке келип тополоң салган аял жоопко тартылган. Алгач Жайыл райондук соту токмок жеген баланын апасын «ээнбаштык» беренесине ылайык 6 ай сыноо жазасы менен соттогон. Ал эми жогорку инстанцияга даттанган эненин жазасын Чүй областык соту да күчүндө калтырган.
Кыргызстандагы мектептерде окуучулар арасындагы зордук-зомбулук жана тоноо (рэкет) көп кездешет.