Воскресенье, 19 мая

Европалыктар Путиндин вакцинасы коронавирусту жеңээринен күмөн санашат

0

Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлиги, жаңы коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыкканын жар салды. Коронавирус инфекциясына каршы вакцина катары Орусиядан расмий түрдө катоодон өткөн жана 1 январь 2020-жылдан тарта коронавируска каршы колдонула турган бул вакцинанын, керек болсо Орусия президентинин кызына да сайылганы айтылды. Путин өз сөзүндө «кыздарымын бирөө өзүнө бул вакцинаны сайды. Ошондуктан ал да бул экспериментке катышып калды. Эмдөөнүн алгачкы күнү анын дене табы 38, ал эми кийинки күнү 37 болду», — деп айтты.

Бирок европалык илимпоздор Орусиянын вакцина даярдоо жарышында чын эле алдыга озуп чыгышынан, вакцинанын ишенимдүү жана таасирдүү болоорунан күмөн саноодо. Алар төмөндөгү суроолорду узатышууда: Бул кандай вакцина? Вакцинага тиешелүү изилдөөлөр кайсыл баскычтарды басып өттү? Илимпоздор бул вакцина боюнча кандай пикирде? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча эмне дейт?

Адистер орустардын мынчалык кыска убакыттын ичинде вакцинаны дярдоосунда бир мандем бар деген пикирди айтышууда. Алардын ою боюнча вакцинаны биринчи чыгарып бардык мамлекеттерди артка таштоо үчүн Орусия вакцинаны даярдоо жана тестирлөө баскычтардын кээ бирлерин аттап кеткен болушу мүмүкүн. Швециялык илимпоздор орустар вакцинанын денеге тийгизген терс таасирин деле изилдеп бүтө албаганын айтышууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да, вакцинаны иштеп чыгууда керектүү процедураларды аткаруу керектигин Орусиянын эсине салууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз