Понедельник, 13 мая

Роза Отунбаева эмне үчүн Президентти сындай баштады?

0

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Александр Лукашенкону куттуктаганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековду сындады. «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып Отунбаева мындай деди:

«Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. «Ушул революциялар бизди артка кетирди» дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы — биздин жетишкендигибиз. Биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз. Революция туура болгонун дагы бир жолу так, даана айтып коёт элем».

Кыргызстандын экс-президенти буга чейин көбүнесе Жээнбековду ички саясаттагы кемчиликтери үчүн сындап келген. Бирок акыркы мезгилде Отунбаева Жээнбековдун жүргүзүп жаткан тышкы саясатына да ичи чыкпай жатканын жашырбай айтууда. Эксперттер шайлоо жакындап калганда Отунбаеванын оппозициячыл маанайдагы сөздөрдү мурдагыдан көбүрөөк айтуусу көп нерседен кабар берет деген ойдо. Анткен менен кээ бир адистер Отунбаеванын саясий салмагынын шайлоонун тараза ташын оодараарына ишенишпейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз