Воскресенье, 28 апреля

Музей кызматкерлери эми көбүрөөк айлык алышат

0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргызстанда 250дөн ашык музей кызматкеринин эмгек акысы 80% жогорулатылганын айтты.

Министрдин айтуусу боюнча, акыркы бир жарым жылдан бери министрликте оптимизация иштери жүргүзүлүп, бир канча сумманы үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон. Анын жыйынтыгында музей кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

«Бул 15 млн 480 миң сомду түзөт жана 250дөн ашык музей кызматкеринин айлык акысы 80%га көтөрүлдү. Мурда 6 миң сом алгандар эми 9 миң сом, ал эми 8-9 миң сом айлык алгандар эми 12-13 миң сом, ал эми 9-10 миң сом алгандар эми 15-16 миң сомдон алууда», — деди Жаманкулов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз