Воскресенье, 28 апреля

Кыргыз-түрк “Манас” университетине жаңы ректор дайындалды

0

Кыргыз-түрк “Манас” университети он жылдан бери жетектеп келген професстор Себахаттин Балжы кызматтан кетип, анын ордуна профессор Алпаслан Жейран университеттин ректору болуп дайындалды.

Университеттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Тарых илимдеринин доктору, профессор Алпаслан Жейландын талапкерлиги Түркиянын Жогорку Окуу Боюнча Комитетинде жактырылган.

Профессор Алпаслан Жейлан буга чейин Түркиядагы Эрзурум шаарында, Ататүрк университетинин филилогия факультетинде эмгектенип келген. Жейлан түрк элдеринин байыркы тарыхы боюнча адис болуп эсептелинет.

Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 6 миңден ашык студент билим алууда. Бул окуу жай 13 өлкөдөн 22 улуттун өкүлү болгон жаштардын башын бириктирген билим уясына айланууда.

30 сентябрь 1995-жылы ишмердүүлүгүн баштаган бул жогорку окуу жайга Түркия мамлекети 398 миллион доллар инвестиция жасаган. Натыйжада Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстандагы эң мыкты үч университеттин катарына кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз