Понедельник, 29 апреля

MTV Россия кыргыз жигитти сөккөн Артур Цветковду колдобойт

0

MTV Россия телеканалы Инстаграм абракчасы аркылуу кыргызстандык жигитти сөккөн Артур Цветковдун сөздөрүн жана кыймыл аракетин колдобостугун жарыялады. MTV Россия «Бул адам 2006-жылдан бери MTV Россияда иштебейт, биз анын кыймыл аракетин жана сөздөрүн колдобойбуз» деген билдирүү таратты.

11 август күнү Москва шаарындагы бир кафеде Артур Цветков бир кыргыз жигит менен урушуп кеткен. Цветковдун маска кийүүсүн талап кылган кыргызстандык жигитти ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, Орусиядан депортация кылам деп коркуткан.

Цветковдун бул кылыганан кийин кыргызстандыктар анын Инстаграм баракчасына чабуул уюштурушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз