Воскресенье, 28 апреля

Этникалык кыргыздар университетте бекер окушат

0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Тажикистан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Элчиликтери жүргүзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз