Воскресенье, 28 апреля

300дөн ашык кишиде коронавирус аныкталды

0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда 13-августка карата коронавирус жуккан жаңы 310 учур (пневмонияны эске алганда) катталганын айтты. Тагыраагы, 75 адамдан коронавирус илдети табылса, 235 кишиге пневмония деген диагноз коюлду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 41 миң 69 адамга жетти.

Жаңы учурлар сутка ичинде төмөндөгү аймактарда катталган:

  • Бишкек — 99
  • Ош – 17
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу — 35
  • Талас облусу – 9
  • Нарын облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 55
  • Жалал-Абад облусу – 54
  • Баткен облусу — 19

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз