Воскресенье, 28 апреля

БУУ: Кыргызстанда жакырчылык күчөйт, себеби..

0

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) коронавирус пандемиясынын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кырдаалга болгон таасири тууралуу өзүнүн баяндамасын жарыялашты.

Ага ылайык, 2020-жылы ички дүң өндүрүм 10%, сырттан акча которуу 25% азайып, жакырчылык күчөй турганы божомолдонду. Жумушсуздуктун деңгээли эң начар сценарий менен 21% чейин өсүшү күтүлөт.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), кырдаалды оңдош үчүн чакан ишкерликти колдоо, эмгек мигранттарына гуманитардык жардам берүү, элдин ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушун киргизди.

Улуттук статистика комитетинин апрель айына карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырлар 600 миң адамга чейин көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө бир млн. 313 миң адам жакырчылыкта жашайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз