Пятница, 17 мая

Боронов Сокулук районунун акимине эмнеге ачууланды?

0

Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргенди. Тиийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Сокулук районунун акимине өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган, аталган кемчиликтин натыйжасында Сокулук районунун COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптары менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин тийиштүү компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышы келип чыккан.

Мындан мурда Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге тийиштүү кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз