Воскресенье, 19 мая

АКШ элчиси журналистти жактап чыкты

0

Американын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Бишкекте кармалганы тууралуу маалыматка катуу тынчсыздануусун билдирди. Элчи 13-августта Твиттердеги баракчасында “Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Абдуллаевдин эркин жүрүү укугун урматтоого жана ал өзү каалаган жерге кетүүсүнө жол берүүгө тийиш” — деп жазды.

Элчи журналисттин кармалышына байланышкан окуяга жакындан байкоо салып турганын да айтты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

10-августта сотко жеткирилген учурда Абдуллаев журналисттерге өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык курска келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз