Суббота, 18 мая

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Изник көлүнүн айланасында өтөт

0

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөөрүн маалымдады.

Элчиликтен билдиришкендей, 12-август күнү Бурса провинциясынын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү боюнча Түркиянын Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясынын ортосунда уюштуруучулук маселелер боюнча протоколго кол коюлган.

Документке кол коюу иш-чарасына Түркиянын спорт жана жаштар министри М.Касапоглу, маданият жана туризм министринин орун басары С.Чам, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Б.Эрдоган, Бурса провинциясынын губернатору Я.Жанболат жана Бурса шаарынын мэри А.Акташ катышкан.

«Иш-чарада түрк тарап оюндардын негиздөөчү өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын орду, оюндардын дүйнөлүк деңгээлде таанылышына кошкон салымын белгиледи», — деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, түрк тарап оюндарды өткөрүүгө көрүлгөн даярдыктар тууралуу айтып берип, Кыргызстан баштап берген салттар сакталарын белгилешкен.

Оюндар Изник шаарында — шаарды алууда катышкан кыргыздардын элесине арналган мемориал жайгашкан шаарда болуп өтөт. Тагыраагы оюндар Изник көлүнүн жээгинде болуп өтөт.

Эскерте кетсек, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар быйыл болуп өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз