Суббота, 18 мая

Шейх Сабри: «Биз эч качан АКШга моюн сунбайбыз»

0

Кудстагы «Аль-Акса» мечитинин имамы шейх Икрим Сабри Бириккен Арап Эмиратары менен Израилдин карым-катнашты толугу менен калыбына келтирүү боюнча келишимин сындады. Сабри, келишим «Аль-Акса» мечитинин диний рухуна зыян алып келээрин эскертип, «Аль-Акса» мечтине исламдан башка диндердин тиешеси жок экендигин айтты.

Шейх Сабри, Израиль менен БАЭнин мурдатан эле жашыруун түрдө алака түзүп келгенин, мунун аркасында АКШ тураарын айтты. Ал «Биз өз укуктарыбызды аягына чейин коргойбуз жана эч качан АКШга моюн сунбайбыз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз