Воскресенье, 5 мая

Өзгөндө жер титреди

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталганын маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, жер титирөө 16-августта саат 22:27де болгон. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ийрек, Түз-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз