Понедельник, 20 мая

Билим берүү министрлиги: Онлайн окутуу үчүн даярдыктар уланууда

0

Билим берүү жана илим министрлигинини басма сөз кызматынын билдиришинче, Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын администрациясы, окутуучулары жана студенттер үчүн онлайн окутуу мезгилинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты.

Министрдин орун басары Нурлан Өмүров окуу жайлардын жетекчилиги менен онлайн жыйын өткөрүп, COVID-19 пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашырууга шарт түзүү максатында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуш жана кеңештерди тааныштырды.

Консультативдик кеңеш 3 багытта иш алып барды.

Биринчи топ пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашыруу үчүн окуу жайлардын уюштуруу иштерине байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган кеңештерди иштеп чыкты. Экинчи топ окутуучулардын, көмөк көрсөтчү жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Үчүнчү топ болсо, студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Буга кошумча, алдыңкы университеттердин колдоосу менен бардык типтеги окуу жайлардын окутуучулар курамын камтыган вебинарлар уюштурулат жана өткөрүлөт. Окутуу программасы мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатууга, аралыктан билим берүүдө ар кандай интерактивдүү технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз