Понедельник, 13 мая

Жээнбеков: «Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек»

0

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Баткен облусуны өзгөчө көңүл буруу керек экенини айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду.

Коңшу элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Ал бюджеттин тартыштыгына карабастан, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландаштырылган бардык программаларды каржылоо толук көлөмдө улантыларын айтты.

«Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурабашы керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз