Понедельник, 20 мая

КТМУнун ректору алгач Улуу Памирге барып, андан соң кызматына киришти

0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору кызматына дайындалган профессор Алпаслан Жейлан расмий түрдѳ кызматын баштады.

Алпаслан Жейлан кызматына киришүүдөн мурда Түркиянын кыргыздар отурукташкан Улуу Памир айылына барып, кыргыздарга жолукту. «Кыргызстанга болгон терең сүйүүбүздү жана урматыбызды Эржиш-Улуу Памирден баштадык» деп айткан ректор профессор Алпаслан Жейлан, аталган айылда кыргыз туугандарынын үйүндө конок болуп, аксакалдар жана балдар менен маектешти, мазар басып шейиттердин арбагына багыштап куран окуду.

«Манас» университети Улуу Памирге дайыма колдоо көрсөтөөрүн белгилеген Профессор Алпаслан Жейлан, «Достугубуздун тамыры өтө байыркыга барып такалган Улуу Памир кыргыздары, Теңир Тоолорунун Анатолиядагы бизге калтырган аманаты. Улуу Памир кыргыздары менен баарлашуу,  аксакалдарынын батасын алуу, Ата Журтка жолдонгон саламдарды алып келүү биз үчүн маанилүү максаттардын катарында. Улуу Памир айылында жашаган кыргыз бир туугандарыбызга буга чейин көрсөткөндөй эле, мындан кийин дагы көмөктөрүбүз улана берет. Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары Улуу Памирге социал-экономикалык жана маданий багыттагы колдоолорубуз дагы арта бермекчи«-деди.

Университеттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, тарых илимдеринин доктору, профессор Алпаслан Жейландын талапкерлиги Түркиянын Жогорку Окуу Боюнча Комитетинде жактырылган.

Профессор Алпаслан Жейлан буга чейин Түркиядагы Эрзурум шаарында, Ататүрк университетинин филилогия факультетинде эмгектенип келген. Жейлан түрк элдеринин байыркы тарыхы боюнча адис болуп эсептелинет.

Азыркы учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 6 миңден ашык студент билим алууда. Бул окуу жай 13 өлкөдөн 22 улуттун өкүлү болгон жаштардын башын бириктирген билим уясына айланууда.

30 сентябрь 1995-жылы ишмердүүлүгүн баштаган бул жогорку окуу жайга Түркия мамлекети 398 миллион доллар инвестиция жасаган. Натыйжада Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстандагы эң мыкты үч университеттин катарына кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз