Четверг, 19 сентября

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

0

13-мартта Баткен облусунун Аксай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык бир жаран жараат алып, дагы бир кыргызстандыктын үйү өрттөнгөн.

Жаңжал Баткен облусундагы Аксай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавына караштуу Мехнатабад айылынын жашоочуларынын ортосунда, Кыргызстандын аймагында чыккан. Кыргыз чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жаңжал 13-мартта саат 15:30 чамасында Кыргызстан куруп жаткан Аксай — Тамдык унаа жолунан улам тажикстандык жарандардын нааразылыгынан улам чыккан.  Тожикон айылынын башчысы Гафуржон Журнав «Азаттыктын» Тажик кызматына маалымдагандай, Ворух анклавынын жарандары чек араны демаркациялоо жараяны бүткөнгө дейре унаа жолдун курулушун жандандырбоону талап кылып жолду бууп коюшкан. Алгач  50 чакты кыргызстандык жана 70тей тажик жараны бири-бирине таш ыргытышканын  чек ара кызматы билдирди. Эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусунан бир кыргызстандык жараат алып, Самаркандек ооруканасына жеткирилген. Мындан сырткары, тажик тараптагылар жергиликтүү кыргыз тургундун үйүн өрттөшкөн. Мындан тышкары тажик тараптын ок аткандыгы тууралуу да айтылды. Мындай маалыматты чек ара кызматы тастыктай элек. Ок чек ара кызматы тараптан эки тарапты тынчтандыруу үчүн атылгандыгы да айтылууда. Аксай айылынын тургуну Алибек Сабировдун айтымында, чыр Тажикстандын жарандары төрт же беш кыргызстандыкты барымтага алып, ошондой эле Аксай — Тамдык жолун бууп койгондон кийин башталган. Андан соң чек арага жакын аймакка Кыргызстандын Аксай айылынын 100дөй тургуну чогулган. Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана Баткен облусунун укук коргоо органдары бар. Алар абалды жөнгө салууга аракеттенүүдө. Баткен облустук чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. 14-мартта эрте менен алынган маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Ош-Исфана жолунда бара жаткан 100гө чукул автоунаа, тажик аймагын кесип өтө албай, топтолуп турат. Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз