Пятница, 17 мая

Украина Крымдын айынан Түрк Кеңешине байкоочу өлкө болгусу келет

0

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар, Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышын күн тартипке алып чыгуу үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде (Түрк Кеңеши) байкоочу өлкө болууну каалагандыгын билдирди.

Украиналык массалык маалымат каражаттары, Жеппар Түрк Кеңешинде байкоочу өлкө болгусу келгендигин айтканын билдирүүдө.

Түрк Кеңешинин Крым жана Крым татарларын күн тартибине киргизе турган эл аралык аянтча экендигин баса белгилеген Жеппар, Крымдагы коопсуздук көйгөйлөрүнө байланыштуу Киевде конференция өткөрүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз