Воскресенье, 19 мая

Мугалимдерге сүйлөө учурунда туура дем алуу жана так сүйлөө үйрөтүлөт

0

Мектеп мугалимдери жана ЖОЖ окутуучуларына 24-30-август күндөрү онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар сериясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вебинарлар сериясын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Онлайн университет” биргеликте өткөрөт. Вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу практикалык негизде кенен маалыматтар берилет. Видео-сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн ресурстарга жайгаштыруу, онлайн сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу жана эсте каларлык презентациялоо ыкмалары, камеранын алдында туруп сүйлөө эрежелери жана сторителлинг сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар тууралуу маалыматтар сунушталат.

Булардан тышкары мугалимдер үчүн зарыл болгон дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөр көрсөтүлүп, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын, интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалыматтар берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз