Пятница, 22 ноября

Бала бакчанын иштеп иштебешин жергиликтүү бийлик чечет

0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат таратты. Маалыматка ылайык өлкөдөгү бала бакчалар аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шартта аймактык Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен иш алып барышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы, министрлик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте июнь айында буйрук чыгарганын да эске салды.

Ага ылайык, карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бала бакчалардын ишин кайра улантуу үчүн атайын колдонмо даярдалып, баардык бала бакчаларга жеткирилген жана министрликтин сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары, бала бакчаларга атайын вебинарлар уюштурулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, ченемдердин талаптарын алгоритмин аткарууга милдеттүү.

Кыргызстанда 1600дөн ашуун мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз