«Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко даттанаарын айтты.
Бүгүн БШКнын Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Мунун себеби катары партия документ тапшыруу жараянында эреже бузганын жүйө катары келтирген.
БШК төрайымы документтерди партия көрсөткөн ыйгарым укуктуу өкүлдөн башка адам тапшырганын баса белгилеп, мыйзам бузулганын эскертти.
Буга кошумча БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуу убактысы кол менен оңдолуп, 17:59 деп жазылганы да талкуу жаратууда.
