Пятница, 3 мая

Жо Байден Дональд Трамптан орто эсеп менен 7,6 пайызга алдыда

0

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Республикалык партиянын аз сандагы катышуу менен өткөргөн курултайында делегаттар, учурдагы президент Дональд Трампты расмий түрдө партиянын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.

3-ноябрда боло турган 59-президенттик шайлоого карата 4 күнгө созула турган Республикалык партиянын курултайы Түндүк Каролина штатындагы Шарлотте шаарында Ковид-19 пандемиясына байланыштуу аз гана кишинин катышуусу менен башталды.

Курултайдын биринчи күнүндөгү добуш берүүдө президент Трамп өз партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп тандалды.

Трамптын атаандашы Жо Байден өткөн аптада виртуалдык чөйрөдө уюштурулган Демократиялык партиянын курултайынын экинчи күнүндө (18-августта)  расмий түрдө партиянын президенттикке талапкери катары көрсөтүлгөн болчу.

Учурдагы сурамжылоолорго караганда, Демократ талапкери Жо Байден Дональд Трамптан орто эсеп менен 7,6 пайыз алдыда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз