Пятница, 22 ноября

Күрөөгө коюлчу акчаны чогулткан «Реформа» бийлеп жатат

0

«Реформа» саясий партиясы шайлоого күрөөгө коюлчу 5 миллион сомду топтоду. Партиянын расмий Facebook баракчасында керектүү каражаттын топтолуп, Борбордук шайлоо комиссиясына берилгени маалымдалды. «Кыргыз эли өзүнүн марттыгын жана кең пейилдигин көп жолу далилдеп келген. Бирок өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу элибиз саясий партияны колдоп, ал партия үчүн зор акчаны чогултуп берди!», — деп айтылды.

«Реформа» партиясынын күрөөгө коюлчу акчаны чогулткандан кийинки видеосу социалдык медиада кызуу талкуу жаратууда. Ал видеодо партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова баш болуп партиянын колдоочулары чогуу бийлеп жатканын көрүүгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз