Пятница, 3 мая

Түркиянын вице-президенти жана ТИМ башчысы Жаңы Зеландияга жөнөп кетишти

0

Түркия Жаңы Зеландияны исламофобия жана ксенофобияга каршы күрөшүүдө колдойт.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жана ТИМ жетекчиси Мевлют Чавушоглу Жаңы Зеландияга жөнөп кетишти. Визиттин максаты – Крайстчерч шаарындагы террорчулуктан каза болгон жана жарадар болгон көптөгөн адамдардын жакындарына, өлкө бийлигине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын көңүл айтуусун билдирүү, Жаңы Зеландияны исламофобия жана ксенофобияга каршы күрөшүүдө колдоо, жүзүкаралык менен жасалган чабуулда тилектештикти билдирүү. Октай жана  Чавушоглу отурган самолёт Ататүрк эл аралык аэропортунан учуп кетти. 15-мартта жаңы зеландиялык  Крайстчерч шаарында эки мечитке куралдуу кол салуу болгон. Анда куралдуу адам Хаглей-парк районундагы Аль Нур мечитине кирип, намаз окуп отурган 200 адамды автомат менен тынымсыз аткылай баштаган. Натыйжада 49 адам каза болуп, аз дегенде 20сы жарадар болгон. Жаңы Зеландиянын премьер-министри бул кол салууну террордук акт деп атаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз