Согуштун айынан жер которгон сириялыктар эптеп жан багышууда. Сириянын Идлиб шаарынын түндүк-батышындагы качкындар тамак-аш, кийим-кечеге жетпей өлбөстүн күнүн көрүүдө.
Качкындар жашаган лагердеги абалга түркиялык Анадолу агенствосу күбө болду. Мысайтыф аттуу кишинин үйүнө конок болгон Анадолу агенствосунун журналисттеринин айтуусу боюнча үйдүн эң кичине баласы Мухаммеддин колдору жана буттары жок. Мухаммеддин атасы Халит баласынын ар дайым жардамга муктаж экенин айтып ыйламсырайт.
Үйдүн кожойуну да араң басып жүрөт. Анткени анын бутуна Башар Асаддын армиясы таштаган бомбанын сыныктары тийип майып калып салган.
«Иштеш үчүн жумуш таба албай койдум. Балдардын курсагын тойгозчу эч нерсе жок. Дары-дармек аябай кымбат. Мухаммед тирүү калып өзүнүн теңтуштары менен ойносо экен деп тилейм»,- деп айтты Мысайтыф.
![]()
