Воскресенье, 19 мая

Deutsche Bank: Дүйнө жүзүндө тополоңдор болот

0

Deutsche Bank мекемесинин аналитиктери дүйнө жүзүндө ар түрдүү тополоң жана башаламандыктардын боло турганын айтышууда. Алар глобализациянын ордуна башаламандыктын өкүм сүрөөрүн баса белгилешүүдө.

Deutsche Bank тарабынан даярдалган отчетто жаңы доордо Кытайдын АКШга үстөмдүк кылуусу жана ал экөөнүн ортосундагы тиреш, глобалдык карышдын өсүүсү, жаш муундун эски муунга моюн толгоосу басымдуулук кылаары айтылат.

«Башаламандык доору» делген бул доордун келишине айрым өлкөлөрдөгү инфляциялык өсүш, экономикалык теңсиздик, муундар ортосундагы тиреш жана технологиялык революция себеп болот.

Аналитиктер башаламандыктардын болуусуна коронавирус пандемиясынын да чоң таасири болот болжолдошууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз