Воскресенье, 12 мая

Коронавируска каршы 35 вакцина даярдалууда

0

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жаңы тип коронавируска каршы дүйнөдө 35 вакцинанын адамдарда сыналгандыгын билдирди.

ДСУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус ДСУнун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн пресс — жыйында Коронавирус бейтаптарына карата натыйжалуу дарылоо максатында март айында «Тилектештик сыноосу» программасынын баштатылгандыгын эске салды.

Гебрейесус дүйнө жүзү боюнча Covid-19 вакцинасы тууралуу эмгектер жөнүндө : «Учурда 180 вакцина иштелип жатат. Анын 35и адамдарга сыналууда», —  деди.

ДСУнун илимий делегациясынын башкы эксперти, Соумя Сваминатан болсо: «Бир нече сыноолор июль айында башталгандыктан, убактылуу болсо да жыл аягына чейин айрым жыйынтыктарды көрө башташыбыз мүмкүн», — деди.

Сваминатан бир вакцинанын рынокко чыгаардан мурда 6 ай коопсуздук көзөмөлүнүн жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз