Пятница, 17 мая

Талибан согушкерлери кайрадан кол салды

0

Ооганстандын Каписа провинциясындагы Тегаб районунда Талибан согушкерлеринин куралдуу кол салуусунан беш полиция кызматкери көз жумду.

Каписа полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Абдул Шайык Шүриш, согушкерлердин Тегаб районунун борборунда куралдуу кол салгандыгын кабарлады.

Кол салууда 5 полиция кызматкеринин өмүрүнүн кыйылганын айткан Шүриш, 7 күзөтчү жаракат алганын билдирди.

Шуриш белгилегендей, кол салуудан кийинки кагылышууда согушкерлер да каза тапкан.

Мындан тышкары, Ооганстандын Коргоо министрлиги акыркы 24 саат ичинде Талибан согушкерлери өлкөнүн 15 провинциясында кол салгандыгын жарыялады.

Баш калаа Кабулдун Котай Санги аймагында жолго коюлган бомбанын жарылуусунан эки адам жаракат алды.

Кабул полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Фирдевс Фарамарз бүгүн эртең менен Кабулдун Пагман районунда бомба чабуулу болгонун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз